15:20
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Көк бөрү. Финалдык беттешке Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары чыгат

Көк бөрү боюнча мелдеште Казакстандын курама командасы Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүнө 4:5 эсебинде утулуп калышты.Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой бүгүн саат 16:00дө Казакстандын курама командасы менен Москва шаарынын командасынын арасында 3-4-орундар үчүн оюн болот. Ал эми финалдык таймаш саат 18:00дө башталат.

Байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн байге 3 млн. сом, 2-орун үчүн — 1,5 млн. сом. 3-орун үчүн — 1 млн. сом. Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу жана Көк бөрүнүн мыкты аргымагы байгеси үчүн 100 миң сомдон берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар