17:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Британдык атташенин баалуу буюмдары уурдалды

Британдык атташенин уурдалган буюмдарынан калган чыгым 500 миң сомду түздү. Бул тууралуу

24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

Маалым болгондой, аскер дипломатынын фотоаппаратын, объектив жана видеокамерасын уурдап кетишкен.

«Бүгүн Улуу Британиянын Астанадагы элчилигинин аскер атташеси милицияга арыз менен кайрылып, баалуу буюмдарын уурдатканын айтты. Ал 3-сентябрда тартип сакчылары көзөмөлгө албаган жерге чатырын курганы аныкталды. Буга чейин ага Кырчын жайлоосунда калууну эскертишкен, бирок ал сунушту кабыл алган эмес. 4-сентябрда атташе чатырга буюмдарын калтырып, иш-чараны көрүү үчүн кеткен маалда уурулар киришкен», — деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар