«Албетте, эгерде фракциянын көпчүлүгү мени кетсин деп добуш беришсе, менин кетишим керек. Бирок, мен өз ыктыярым менен курамдан чыгуу ниетим жок. Кандай негизде кетишим керек? Ооба, мен радиодон КСДПда жемкорлук бар деп айткам. Эмне андай эмеспи? Карасаңар партиянын мүчөлөрүнүн жарымы УКМКнын тергөө абагында отурушат. Аларга ЖЭБ боюнча жемкорлук айыбы тагылууда. Мен эмне калп айтыптырмынбы? Жемкорлук тууралуу айтып эле келгем, айта да берем», — деди Кожобек Рыспаев.