СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзон 80 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, ал узакка созулган оорудан улам каза тапты. Эске салсак, Иосиф Кобзон 2005-жылдан бери рак илдети менен жабыркап келген.
Иосиф Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Донецк облусуна караштуу Часов Яр шаарында төрөлгөн.