20:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто бажы кызматкери 1 кишини темир арматура менен сабап, тапанча менен коркутту

Ош шаарында бажы кызматынын кызматкери Эмилбек Кимсанов бир кишини темир арматура менен сабап, тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан жеке булак билдирди.
 
Маалыматка караганда, ортодогу пикир келишпестикке жер аянты боюнча талаш себеп болгон. 
 

«Жабырлануучунун айтымында, кылмышка шектүү аны алгач муштум менен бетке соккон, кийин сөгө баштаган. Ал жакта турган кишилер жабырлануучуну кармап турушканда Эмилбек Кимсанов темир арматура менен сабаган. Кийин тапанчасын алып чыгып, анын оозуна такаган. Шектүү анын үй-бүлөсүн өлтүрөм деп коркутканга чейин барган», — деп билдирди жеке булак. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума