03:24
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Кыргыз улуттук филармониясында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кыргыз улуттук филармониясында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу  24.kg агенттигине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов билдирди. 

Анын айтымында, кырсык болгон жерде 11 атайын техника, 60 кызматкер жана 100 тартип сакчылары иштешти. 

«Болжол менен 200 чарчы метр аянт күйдү. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кыска мөөнөттүү электрдин туташуусунан өрт чыккан», —деди Адилбек Чаргынов.

Эң көп окулган жаңылыктар