08:35
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Япониядагы кыргыздар. Япондорго таң калып бүтпөгөн Мирбек Тентиев

Мирбек Тентиевдин жеке архивинен
Фото Мирбек Тентиевдин жеке архивинен

Мирбек Тентиев алты жылдан бери Японияда үй-бүлөсү менен жашайт. Тилди мыкты билгендиктен анүстүнө жергиликтүү калкка түспөлдөш болгондуктан көптөр япон катары кабыл алышат. Япониядагы жашоосу тууралуу ал 24.kg агенттигине маек курду.

— Мирбек кантип Японияга барып калдыңыз?

— Мен университетте япон тилин окуганмын. Андан киийн жергиликтүү ишканада котормочу болуп, JIKE Бишкек офисинде иштеп жүрдүм.Мектепти бүткөндөн кийинки жашоом бул өлкө менен тыгыз байланышта болду десем болот. 2005-жылы атайын тил жана маданият үйрөнүү программасы менен Японияга келип, бир жыл Киото технологиялык университетинде окуп кеткенмин.

2012-жылы Осакада жашаган досум жумуш сунуштап калды. Ал кезде мен иштеген долбоор аяктап, ишсиз жүргөнмүн. Досумдун сунушун кабыл алып, Японияга тийиштүү документтерди жөнөттүм.Бат эле жооп келип, компанияга жумушка чакыруу жөнөттү. Жумушчу виза менен келип, алты жылдан бери автоууна майларын саткан компанияда иштеп жатам. Биздин майлар дүйнөнүн булуң-бурчунда сатылат. Кыргызстанга дагы жөнөтөбүз.

Мирбек Тентиевдин жеке архивинен
Фото Мирбек Тентиевдин жеке архивинен

— Сиз менен бирге канча кыргызстандык иштейт? Япондордун чет элдик кызматкерлерге талабы кандай?

— Компанияда жалаң жергиликтүүлөр иштейт. Үч эле чет элдик бар, кыргыздар.Бизге чейин Россиянын, Өзбекстандын жарандары иштеген экен. Япондор алардан эмгекчил экендигибизди айтып макташат. Анүстүнө биз баарынан узак, туруктуу иштеп жатабыз.

Негизи бул жерде бөлүп-жаруу жок. Баарына бирдей мамиле. Мен билгенден, айрым өлкөлөрдө ишканаларда эне-тилинде сүйлөөгө тыюу салат. Чынын айтсам, алты жыл ичинде өз ара кыргызча сүйлөшүп жатсак да эч бир эскертүү болгон жок.

Мирбек Тентиевдин жеке архивинен
Фото Мирбек Тентиевдин жеке архивинен

Айлык акы жана иштөө тартиби эмгек келишимине жана тажрыйбага жараша болот. Мисалы, мен аптасына алты күн иштейм. Айтмакчы, Японияда эмгек өргүүсү абдан кыска: жылына он күн гана.

Белгилей кетсем, кесиптештер биздин япон тилин жакшы билгенибизди дагы айтышат. Көчөдө болсо япондор токтотуп дарек сурап калат. Алар алдында чет элдик жаран турганынан шекшип да коюшпайт.

— Япондор дагы кыргыз тилин бат үйрөнүп, бир нече айда эле комузду дагы чертип жатышпайбы. Айтмакчы, волонтерлер Японияга кайткандан кийин кыргыз тилин унутуп калышабы?

— Кыргызстанда иштеп кеткен волонтерлор жылына бир чогулат. Мени чакырып калышат. Бир волонтер боз үй ала кеткен экен. Ошону куруп, шишкебек бышырып, маектешебиз. Алардын арасында дагы эле комузду чертип жүргөндөрү, акырындап кыргыз тилин унутуп бара жаткандары дагы бар.

— Японияда жашаган кыргызга эмнеге көнүү кыйын?

— Убакыт өткөн сайын баарына көнүп кетесиң. Бирок, япондор баары бир таң калыштуу калк. Мен алардын тартиптүүлүгүнө баа берем. Япондордун ушул сапатынан улам менин күнүм күнүнө окшош башталат. Күнүнө үйдөн бала-бакчага чейинки жолдо баягы эле кишини, андан ары үйдөн эми чыккан аялды, аялдамага жакындаганда жанагы эле кызды, кийинки кесилиште күнүнө алдымдан кесип өткөн уунаны, мектеп автобусун көрөм.

Мирбек Тентиевдин жеке архивинен
Фото Мирбек Тентиевдин жеке архивинен. Япониядагы кыргыздар.

Япондор бир күнүнө бир минут да кечикпей бир ишти аткарат. Поезд, автобус, метро да секундасына, эч бир өзгөрүүсүз жүрөт.

Алты жылда мен дагы убакытка аяр мамиле кылып, так болууга аракет жасап калдым. Бирок азырынча, баарын алдын-ала пландап жашоого көнө элекмин.

Мирбек Тентиевдин жеке архивинен
Фото Мирбек Тентиевдин жеке архивинен

— Японияда үй-бүлөңүз менен жашайт экенсиз. Үй-бүлөсү менен жашаган мигрант кандай кыйынчылыктарга дуушар болот?

— Бул жерде бала бакчалар жетишпейт. Бир орунга 10-20 бала кезекте турат. Эгер баланы эртерек берсе, кезексиз орношуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени жапондор 1-2 жашында гана бакчага беришет. Бала бакчаларга акы төлөнөт.

Мектеп бекер. Менин кызым биринчи класста окуйт. Аларга эс алуу учурунда дагы убакытын бош койбой толтура тапшырма берет.

Негизи Японияда баланын чыгымдары көп. Андыктан япондор чанда балалуу болот окшойт.

Эң көп окулган жаңылыктар