10:59
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Эртең транспорт каражаттарына болгон салыкты төлөөнүн акыркы күнү

1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына болгон салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, төлөмдөрдү ишке ашыруу саат 9дан кечки саат 10го чейин жүргүзүлөт.

Өлкөнүн салык органдарында унаа каражаттары, турай жай жана батирлер үчүн салыкты (ишкердик иш үчүн колдонулбаган), ошондой эле жер салыгын (үй жанындагы, короо жай жана бакча-чарбак жер участогу) төлөө үчүн жарандарды тейлөө боюнча кезметчилик уюштурулган. 

Салыктарды айрым банктык мекемелердин кассаларында, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөңдүгү үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар