Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда Чехиялык турист бутун кокустатып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдан билдиришти.
Турист бутун Уюл-Төр капчыгайынан сындырып алган. Окуя болгон жерге 8 куткаруучу жөнөп кетти.
«Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясы 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, туристтин бутунун эки жери сынган. Аны Каракол шаардык ооруканасына алып кетишти.