III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында Ысык-Көл облусунда учуучу аппараттарды (коптер, дрон, авиамодель) колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу катчылыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай тыюу салуу меймандардын жана катышуучулардын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.
Ошондой эле, Кырчын жайлоосунда жана ат майданда уруксаатсыз колдонулган учуучу аппараттар эскертүүсүз атып түшүрүлөт.