06:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттери сатыкка чыкты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатыкка чыкты. Бул тууралуу ДКО катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

Анын айтымына караганда, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттери Бишкек ( Чүй проспектиси 96 жана Киев көчөсү 114), Ош (Ленин көчөсү 320) жана Чолпон-Ата (Совет көчөсү 122) шаарларындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүндө сатылууда.

Кирүү билеттери ар бир кишинин жеке өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Мындан улам, билетти башка кишилерге берүү жана басылган QR-кодду бузууга тыюу салынат.

Айжан Абдесова

Кошумчалай кетсек, иш чаранын кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума