18:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Көчмөндөр оюндары. Сахнанын арткы жасалгасы үчүн 8 миллиондон ашуун сом коройт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурула турган театрлаштырылган оюн-зоок үчүн сахнанын арткы жасалгасы жана реквизиттер үчүн 8 миллион 536 миң 100 сом коротулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Маалым болгондой, жеңүүчү режиссердун койгон талабы боюнча сахнанын жасалгаларын даярдашы керек.

Подрядчик этно-базарды, хан ордону, сахнаны, башкы дарбазаны, мунараны, шлагбаумду жана башкаларды жасалгалашы шарт. Ошондой эле, театрлаштырылган оюн-зоок үчүн реквизиттерди камдашы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума