22:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Көчмөндөр оюндары. Мамлекеттик органдар боз үйлөрдү ижарага алып башташты

III Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында Кырчын жайлоосунда боз үйлөрдөн турган шаарча курулат. Мамлекеттик органдар боз үйлөрдү ижарага алып башташты. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык маданият бөлүмү улуттук негизде ичи жана сырты жасалгаланган 9 боз үйдүн ижара акысына 270 миң сом коротот. Дагы 90 миң сом кийиз, шырдак, териден жасалган буюмдар жана чийдин ижарасына берилет.

Токмок шаардык маданият үйү боз үйдүн ички жасалгалары үчүн 90 миң сом бөлөт. Аларга кийиз, сандык, тери, шырдак жа башка буюмдар алынат.

Буга чейин аталган уюм боз үйлөрдүн ижарасы үчүн тендер өткөргөн. Бул максатта 115 миң сом коротулат.

Эске салсак, спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция Кырчын жайлоосуна тигүү үчүн боз үйдүн ижарасына тендер жарыялаган. Ага 1 миллион 260 миң сом коротулмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар