10:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендер жарыяланды

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.

Маалыматка караганда, баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Бирок, сатып алуунун формасы бир аз өзгөрдү. Эми соодалашуу кошумча булактар аркылуу жүргүзүлөт.

Сынак 4-сентябарда болот. Жеңүүчү Бишкектин жолдорун жана кесилиштерин видеокамера менен жабдышы керек.

Буга чейин өткөн аукцион үзгүлтүккө учураган.

Эң көп окулган жаңылыктар