Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдоого шектелген тургундар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган шаардын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 7-августта Стаханов көчөсүнүнүн үйүнүн алдына токтотуп койгон «Мерседес-Бенц 609» үлсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин айткан.
Кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 40 жана 44 жаштагы 2 тургуну кармалды. Уурдалган унаа кожоюнуна кайтарылды.