Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине ардактуу мейман катары катышат.
Маалым болгондой, форумга Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери чакырылган. Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө.
Эске салсак, Аралды сактоо эл аралык фонду 1993-жылы түзүлгөн.