Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка караганда, көмөк чордондорду оңдоп-түзөө жана жаңы мамыларды орнотуу иштери жүргүзүлгөндүктөн, электр жарыгына чектөө киргизилет.
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин — Бөкөнбаев көчөсү № 245 үй;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Чоң-Арык айылы, Арча-Бешик конушу. Ошондой эле Камск көчөсүнүн № 10 үйүндө, 10-кичи райондун № 9, 12, 16, 19 жана 17/1 турак үйүндө жарык үзгүлтүккө учурайт.
Саат 09:30дан 18:00гө чейин — Чыгыш-5 кичи районундагы № 23 жана 30 үйүндө, Чүй, Осмонкул, Древесный көчөлөрүндө жарык берилбейт.