11:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2 кызды издөөдө

Чүй облусуна карашатуу Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери Ак-Тилек айылында дайынсыз жоголгон 2 кызды издөөдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15 жаштар Бегимай Ахматалиева жана 13 жаштагы Аземгүл Койлубаева 4-августта үйлөрүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес. 

Бегимай Ахматалиева ак футболка, кара түстөгү жинсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Анын бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө, кырдач мурун.

Аземгүл Койлубаева күлгүн түстөгү футболка, кара өңдөгү жинсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Анын бою160-165 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кара түстө, кырдач мурун, көздөрү жүлжүйгөн.

Кыздар тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номурларга чалсаңыздар болот:

0(312) 36-35-27, 0(550) 51-09-05, 0(700) 20-96-66 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар