USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Ошто изделип жаткан кыздар Бишкектен табылды

17:54, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто изделип жаткан 14 жаштагы кыздар Роза менен Гүлбара Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыздар 10-августта дайынсыз жоголушкан. Ошондон бери аларды туугандары жана тартип сакчылары издеп жүрүшкөн.

«Эки кыз тең аман-эсен табылды. Аларды «Жал» кичи районунан табышкан. Кыздар Бишкекке эс алуу үчүн келгендерин айтышууда. Алардын берген көрсөтмөлөрү текшерүүгө алынат», — деп билдиришти ШИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика