Сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, оорулууларга диагноз али коюла элек. Лабораториялык изилдөөлөр 3-4 күндөн кийин белгилүү болот. Бейтаптардын баардыгы учурда антибиотик алып жатышат.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунда 12 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылган.