13:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Түндүк» тутумуна кошулуу -жалпы мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы маалыматтык тутумдардын аракеттешүүсүнө карата талаптар бекитилген.

Бүгүнкү күндө «Түндүк» интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутум катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алат. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу планынын долбоору иштелип чыгып, макулдашылган. План долбоорунда 24 мамлекеттик органдын 76 биринчи кезектеги маалымат базасы аныкталган, анда «Түндүк» тутумундагы маалыматтар базасынын иштеп баштоо мөөнөтү көрсөтүлгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев

«Буга байланыштуу Планга ылайык маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жана аларды «Түндүк» тутумуна кошуу бардык мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат. Мындан тышкары, юридикалык жана физикалык жактарга кагаз түрүндө маалымдама берүү тууралуу ченемди жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга мыйзам деңгээлинде киришүүгө убакыт келип жетти. Ал үчүн Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдөгү маалыматты пайдалануу, же «Түндүк» тутуму аркылуу маалыматты өз алдынча алуу зарыл. Жарандар башка мамлекеттик органдарга көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардан маалымдамаларды чогултпоосу тийиш. Бул максатта «Түндүк» тутуму иш алып барат», — деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы министрлик жана ведомстволордун ар бир жетекчиси коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алаарына басым жасады.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик тейлөөлөрдүн айрымдары өз актуалдуулугун жоготкондугун эске алуу менен аларды интвентаризациялоодон өткөрүү зарыл. Учурда 360 мамлекеттик тейлөө бар. Бул тизменин ичинен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тараптан 2017-жылдын июль айында Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталына киргизилүүчү 191 тейлөөнүн түрү аныкталган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби