14:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өкмөт тез арада дарыгерлердин кадрдык резервин түзүп чыкмакчы

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүлүп, алар тийиштүү окутуудан өтөт. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тапшырма берди.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечимдерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи, анын бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси саналат.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине таасир берүүдө», — деди өкмөт башчы.

Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана ординатурада жана интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.

Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Биздин саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар