08:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги курула турган жаңы оорукана кайда салынары аныкталды

Өкмөт Бишкектин кайсыл тарабына оорукана курууга мүмкүн экендигин аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн аппаратынын пресс-кызматы билдирди.

Аткаминерлердин айтымында, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында жаңы оорукананы куруу иш-аракеттери каралууда. Бул аймакта оорукана куруу ыңгайлуу, ошондой эле даяр инфраструктура бар. Өлкөнүн эң керектүү объектисин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүү үчүн бардык чаралар көрүлөрү белгиленди.

Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде медициналык мекемелерди куруу үчүн жер тилкелери, ошондой эле долбоорлор даярдалып жаткандыгын айткан. Бул курулушка Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жооптуу. Ал эми ооруканаларды керектүү медициналык шаймандар менен жабдуу жана кадр даярдоо жоопкерчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Эске салсак, бийлик Ошко дагы жаңы оорукана курууну убадалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума