19:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөттүн чечими аркылуу дагы эки бала бакча өз максатында пайдаланыла баштайт

Бишкектеги эки бала бакчанын имаратын өз максатында пайдалануу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын билим берүү объектилерин кыдыруу учурунда кабыл алынды.

Борбордогу 6-кичи райондогу мурунку балдар бакчасында учурда – Октябрь райондук Социалдык фонд башкармалыгы, ал эми 11-кичи райондо Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын фонду жайгашкан. 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 19-апрелинде № 1511-1-VI “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө максаттуу пайдаланылбаган бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтаруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана ведомстволор жайгашкан бала бакча имараттарын түздөн-түз багыты  боюнча пайдалануу үчүн  аларды бошотуу маселелерин кароо сунушталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума