21:05
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Оштун тоолорунда орусиялык альпинист каза болду

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Абрамов чокусунда таш кулап, орусиялык альпинистти басып калды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 32 жаштагы В.Кирилл аттуу жаран Кара-Казык тоосундагы Абрамов чокусунан 4800 метр бийиктиктен түшүп келе жаткан. Ошол учурда таш кулап, денесинен оор жаракат алган. Ал көп өтпөй окуя болгон жерде каза тапты.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар