07:29
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Кара-Кулжа районунда 12 тургун сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 12 тургун сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги тастыкташты.

«Лабораториялык диагноз азырынча белгисиз. Бейтаптар Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жаткырылды. Баары анализ тапшырды», — деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар