13:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көл облусунда каналдагы сууга түшүп кеткен 2 бала изделүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылындагы каналга 2 бала түшүп кетти. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштерине ӨКМнын Ак-Суу райондук №39 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 31 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар