11:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Унаа жана кыймылсыз мүлккө болгон салыкты төлөө мөөнөтүнүн бүтүшүнө аз калды

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай жана жерге болгон салыкты төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалым болгондой, унаа каражаттарына болгон салыктар 1-сентябрга чейин, ал эми турак-жай жана жер салыгы 2-сентябрга чейин төлөнүшү шарт.

Аталган мөөнөттөн кийин салык төлөбөгөндөрдү таап чыгуу үчүн текшерүүлөр жүрөт. Өз убагында төлөмдөрдү жүргүзбөгөн жарандарга 2000 сомдон айып пул салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар