17:10
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстанда теңге арзандоодо

Теңгенин куну төмөндөгөндүктөн, 9-августта Казакстан Улуттук банкы улуттук валютаны колдоо үчүн интервенция жасоого даяр экенин билдирди.

Казакстан Улуттук банкы билдиргендей, 9-августта теңгенин курсу 1,6 пайызга түшүп, 1 АКШ доллары 354,06 теңгени түздү. Буга Орусияга карата санкциялардын катаалдашуусу менен рублдин арзандоосу, мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.

Улуттук банк валюта рыногунда байкоо жүргүзүп жатканын кошумчалады. Бирок интервенция тууралуу кененирээк маалымат берген жок.

Айрым жергиликтүү талдоочулар Улуттук банктын валюталык интервенция тууралуу маалыматтарды жашыруусуна кабатыр болушууда.

Ай башында Казакстан Улуттук банкы валюта курстарын эркин коё берүү саясатын колдоп, бул «экономикадагы дисбаланстан качууга» жардам берет деп билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби