Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы «Дача-Лира» тилкесинде А.Н. аттуу дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз табылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кызды издөөгө 60 киши тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришти. Абалы канааттандыраарлык.