22:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Журналист мамлекеттик тил боюнча комиссиясын сотко берди

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болуп катталган Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча тапшырган экзамени маалында аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамды бузду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине журналист Канышай Мамыркулова билдирди.

Ал мамлекеттик тил боюнча комиссиясын, Кыргызтест жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын Биринчи Май райондук сотко берди.

«Былтыр Сооронбай Жээнбеко премьер-министр болуп турганда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн «Кыргызтесттен» өтүш керек деп токтом чыгарган. Талапкер анын негизинде тесттен өтүшү керек болчу. Бирок, мамлекеттик тил комиссиясы аны экзаменден өткөрүп канааттандырды. Бул жакты мыйзам бузуулар болду», — деди ал.

Эске салсак, 8-августта шаардык кеңештин депутаттары мэр кызматына Азиз Суракматовду шайлашты.

Эң көп окулган жаңылыктар