07:51
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Бишкек жана Чүй облсунун айрым аймактарында жаратылыш газын берүү чектелет

10-15-августта Бишкек жана Чүй облсунун айрым аймактарында жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү аймактарда берилбейт:

10-августта cаат 8:00ден 17:00гө чейин Сокулук районунда (Ала -Арча, Ленин көчөлөрүндө);

13-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Токмок шаарында (Береговая, №№ 55, 57, 59, 61, 63, 65, 67, Комсомол, №№ 175, 177, 179, 181, 183, 185, Казахстан, №№ 50, 52, 54, 56, 58, 60 көчөлөрүндө);

13-15-августта Бишкекте (Темир жол (Путепроводная), Виноградная, Ауэзов, Шабдан Батыр, №№ 3, 3/1, 3/2 көчөлөрүндө, «Жанар», «Реемтсма», «Алтын Ажыдаар» ЖЧКда, Чолпон-Ата көчөсүндөгү нан бышырчу жайда, ТТС);

13-15- августта Восток айылында.

Эң көп окулган жаңылыктар