02:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө пенсионер дайынсыз жоголду. Милиция издөө салат

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 1932-жылы туулган Москалев Герасим Ивановичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, пенсионер Пригородное айылында жашайт. 7-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 173-175 см, арык дене түзүлүштө, чачы ак, кыска. Клетка рубашка, кара жеңи жок пенжек, көк шым кийип жүргөн. Ал эсин жоготуп коет. Анын оң буту жок, майыптар коляскасында жүрөт. Аны көргөн-билгендер болсо төмөнкү дарекке билдирип коюңуздар: 0312363527, 0312363523, 0700675556, 0700209666.

Эң көп окулган жаңылыктар