10:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте коомдук унаалардын каттамдары өзгөрөт

Бишкекте Манас проспектисинин Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, коомдук унаалардын каттамдары өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, № 102, 104, 118, 132, 148, 167, 170, 188, 200, 204, 215, 216, 264,265, 266, 269, 295, 223, 203 маршруткалардын каттамдары Горький, Панфилов, Бөкөнбаев жана мурунку каттап жүргөн даректер аркылуу жүргүзүлөт.

Кайра кайтууда Москова, Логвиненко, Кулатов, Горький жана мурунку каттап жүргөн даректер аркылуу каттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар