04:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда чакыруу менен барган тез жардам кызматынын дарыгери сабалды

Фергана облусунун Алтыарык районундагы Полосон айылынын тургуну чакыруу менен барган тез жардам кызматынын дарыгерин катуу сабаган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 3-августта райондук тез жардам кызматына Полосон айылынын тургунунан чакыруу болгон. Чакырууга айылдагы үй-бүлөлүк бейтапканын дарыгери Шухратбек Сирожиддинов менен медайым Умидахон Хусанова 4 мүнөттүн ичинде барышкан.

Бейтапты көрүү үчүн үйгө кирип бараткан дарыгерди үй ээсинин небереси кемсинтип, сабап салган. Ал алган жараатынан эс-учун жоготуп жыгылган. Ошол маалда медайым үйгө кирип, бейтап каза болуп калганын көргөн.

Шухратбек Сирожиддинов оор абалда тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашып, ооруканада дарылоону улантууну сунушташкан.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча мыйзамдуу чараларды көрүү өтүнүчү менен Фергана облусунун укук коргоо органдарына кайрылды.

Эң көп окулган жаңылыктар