15:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түркмөнстандык студенттер Түркияга бара албай жатат

Ашхабад аэропортунда Түркияга окууга бара жаткан студент кызды эл аралык каттамга коё беришкен жок.

«Менин карындашым Түркияга баруу үчүн тиешелүү бардык документтерди даярдаган. Анын ичинде виза, окуу жайдан чакыруу, демөөрчүлүк тастыктама болгон. Өткөн жумада ал ата-энебиз менен бирге аэропортко келген. Бирок миграция кызматкерлери документтерди текшерип, ата-энебизди өткөрүп, бирок карындашымды коё бербей коюшкан», — деди түркмөнстандык жаран.

«Азаттыктын» түркмөн кызматына кайрылган жарандын айтымында, андан соң ата-энеси Ашхабаддагы Мамлекеттик миграциялык кызматка барып, жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Аткаминерлер бийлик жаш кыздардын чет өлкөдө окуусуна тыюу салып жатканын билдиришкен.

Акыркы убакта түркмөн бийлиги 40 жашка чейинки жарандардын, анын ичинде өзгөчө аялдардын чет өлкөгө чыгуусуна бөгөт коюуда.

Эң көп окулган жаңылыктар