Бишкектеги «Барашек» ресторанында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тигилген кийимдердин көргөзмөсү ачылды. Анын автору коомдук ишмер, дизайнер Ассоль Молдокматова.
«Эволюция» аталышындагы коллекцияда Assol, Eldejok, Janyl Fashmaker мода үйлөрүнө таандык бренддик кийимдер коюлду.
Ассоль Молдокматованын эскиздери боюнча кийизден тигилген кийимдер «Кылым карыткан бир күн», кэжуал, «Жашоонун гүлдөрү», «Чыгыш» жана «Биринчи айым» кийимдери көргөзүлдү.