06:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Тажик бийлиги ата-мекендик өндүрүштөгү ичүүчү сууга карата акциздик салык жаңылыштыктан улам жогорулатылганын билдирди. Өкмөттүн газдалган жана жөнөкөй суу үчүн акциз салыгын көбөйтүү тууралуу 9-июндагы токтому импорттолгон сууларга гана тиешелүү болчу.

Бийликтин маалыматына караганда, документти даярдоо маалында жаңылыштык болуп, жергиликтүү ММКларда ата-мекендик өндүрүштөгү сууларга карата акциздик салык жогорулагандыгы тууралуу маалыматтар тарап кеткен.

Токтомду Каржы министрлиги демилгелеп, анын текстин дагы мекеменин кызматкерлери даярдашкан.

Өкмөттүн 9-июндагы токтомуна ылайык, башка акциздик товарлар менен катар эле минералдык, газдалган жана газдалбаган, кант кошулган жана кошулбаган сууларга акциз салыгын бир литри үчүн 0,02 евродон 0,06 еврого чейин жогорулатуу каралган.

Жергиликтүү ишкерлер акциз салыгынын жогорулашы менен бөтөлкөгө куюлган сууну эч ким албай калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан. Душанбедеги ичүүчү суу чыгаруу менен алектенген 8 ишкана токтомду кайра карап чыгуу өтүнүчү менен өкмөткө кат жөнөтүшкөн.

Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы Салык саясаты департаментинен токтомдо ата-мекендик өндүрүштү колдоо максатында бөтөлкөлөргө куюлуп импорттолгон сууларга гана акциз салыгын жогорулатуу каралаганын билдиришти.

«Азыр өкмөттүн тапшырмасы менен биз токтомдун текстин оңдоп жатабыз», — деп билдирди мекемедеги булак.

Эң көп окулган жаңылыктар