01:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ичүүчү суу тартыштыгынан киргизилген чектөөлөр алынды

Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин, унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды болгон объекттердин иштөөсүнө чектөө киризилген.

«Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өдүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат",- деп айтылат маалыматта.

Бул чектөөлөрдөн улам шаар тургундарына ыңгайсыздыктар жаралганына карабастан, суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болгонун кошумчалады.

Бирок, жогоруда аталган башкармалык кырдаалдын оң өзгөргөнүнө карабастан, бардык тараптарды суу ресурстарына кам көрүүгө жана үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар