07:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кемин районунда кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кемин РИИБга 29 жаштагы кыз кайрылып, аны белгисиз бирөө зордуктаганын айткан. Билдирүүгө ылайык, окуя кыздын үйүндө болгон. Тартип сакчылары кылмышка шектүүнү изин суутпай кармашты.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз жалгыз жашачу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума