16:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көл облусунда 11 киши тамакка ууланды

Ысык-Көл облусунда эс алууга барган 11 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жабырлануучулар Бостери айылындагы көл жээкте жайгашкан боз үйлөрдүн биринен тамактанышкан.

«Ууланган кишилер Кемин районунан келип, «Тулпар» пансионатынын жанындагы боз үйлөрдүн биринде шерине өткөрүшкөн. Боз үйдү ижарага бергендердин айтымында, жабыркагандар тамак-аштарды өздөрү менен бирге ала келишкен. Учурда териштирүү жүрүп жатат», -деп жазылат маалыматта.

Учурда 11 киши Ысык-Көл райондук ооруканасында жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби