10:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Боорсокту нан ордуна жеген грузин кыргыз балдары өтө эле эрке экен дейт

Гиорги Саникидзенин жеке архивинен
Фото Гиорги Саникидзенин жеке архивинен
Гиорги Саникидзе Грузияда төрөлгөн. Студенттик кезде БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздук программасына кошулуп, кийин Качкындар боюнча башкы комиссариатта иштей баштайт.

1998-жылы Абхазиядан көчүүгө аргасыз болгондорго, 1999-жылы чечен качкындарына жардам берип, жалпысынан 15 өлкөдө иштөөгө жетишкен.

Кыргызстанга 2017-жылы август айында келген.

— Бишкек эмнеси менен сизди таң калтырды?

— Бишкекте өзгөчө жаштар дүйнөлүк саясатты жакшы билип, дүйнөлүк экономикага кызыкканы мени таң калтырды. Алар бул теманы талкуулап, талашкандан тажабайт экен. Көптөрдө саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Менин өлкөм — Грузияга кызыгуу күч.

Андан тышкары, Бишкекте советтик архитектура жана эстеликтер сакталып калыптыр. Ленин айкелин шаардын чок ортосунда көрүп, оозум ачылды.

— Бишкектин сиздин туулган шаарыңызга окшоштугу барбы?

— Тоолор, меймандос эл, тамак-ашка, музыка жана жакындары менен өткөргөн убакытка болгон сүйүү менен окшош. Кыргыздар грузиндерди жакшы билет экен. Чындыгында эки элдин маданий жактан да окшоштуктары бар.

Ал эми терс жактарынан алсак, айдоочуларынын жүрүмү-туруму Тбилисинин көчөлөрүн эске салат.

Бишкекте коомдук транспорт жакшы өнүккөн эмес. Андан тышкары, интернет дагы жай иштейт. Англис тилдүү телеканалдар болсо ашыкча болбойт эле.

Негизи мага парктар жакты. Көп сейилдеп басам.

Гиорги Саникидзенин жеке архивинен
Фото Гиорги Саникидзенин жеке архивинен

— Улуттук ашкананын кайсы тамагын жактырасыз?

— Мага боорсок жакты. Аны нандын ордуна каймак, сүзмө, кетчуп менен да жей берем. Шорпо менен палоодон да баш тартпайм.

Жакында жылкынын этин жеп көрдүм. Этти өтө эле жактыра бербейм, бирок, жылкыны даамдуу экен. Кымыздын кычкылдыгы жаккан жок.

Мен Кыргызстанда балдарга жакшы көңүл бөлүнөрүн байкадым. Ата-энелер балдарына болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, кээде өтө эле эрке өстүрүп да коет экен.

Эң көп окулган жаңылыктар