12:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таалайбек Сарыбашев менен бирге облустун аппарат башчысы дагы мэрияга которулду

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Максатбек Зикиров дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Максатбек Зикиров буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болуп турган. Ал эми мэриянын мурдагы аппарат башчысы Алмазбек Осмонов өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Белгилей кетсек, Таалайбек Сарыбашев акыркы үч жылда Ош облусун жетектеп, 19-июль күнү Ош шаарына мэр болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар