Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан «Ак-Тилек» мейманканасында 30-35 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИБсы билдирет.
Маалыматта 30-35 жаштагы аялдын сөөгү 26-июлда табылгандыгы айтылат. Аял кекиртегине сайылган учту нерседен каза болгондугу белгиленет.
Кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 23 жаштагы жараны кармалды. Ал жасаган кылмышын моюна алып, тиешелүү кѳрсѳтмѳлѳрдү берүүдѳ.