Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев сентябрь айында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Өзбек лидери 3-сентябрга белгиленген Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине катышат. Саммит Чолпон-Ата шаарында өтөт. Кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет.
Белгилей кетсек, 2-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылуу аземи өтөт. Ага дагы бир катар өлкөлөрдүн башчылары чакырылган.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын декабрь айында Ташкентке расмий иш сапар менен барган.