11:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Раиса Атамбаеваны Өзбекстандын ханайымы Ташкентке конокко чакырды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеваны Өзбекстандын ханайымы Зироатхон Мирзиёева Ташкентке конокко чакырды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен кечээ Ташкент шаарына учуп кеткен.

«Өзбек ханайымы менен Раиса Атамбаеванын мамилеси жакшы. Раиса Атамбаева Бишкек шаарына 28-мартта кайтып келет», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар