08:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары уланууда. Бул визиттин жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстан президенттери чогуу билдирүү жасашты.

Казакстан президенти эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелердин сапатын жана мазмунун жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев мурдагы президенттин жолун улап, казак-өзбек кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө аракет жасай турганын кошумчалады.

Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди президенттик кызматка кириши менен куттуктады. Ал боордоштук ымала түзүүдөгү Назарбаевдин ролун баса белгиледи. «Биз үчүн Казакстан — жакынкы кошуна, стратегиялык өнөктөш. Бизди кызматташтыктын бардык багыттарындагы оң динамикалар кубандырат», — деди Мирзиёев.

Тараптар чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү эл аралык коркунучтарга, өзгөчө терроризм, диний экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграцияга каршы чогуу күрөшүүгө макулдашты.

Казакстан президентинин Ташкентеги расмий сапары уланууда. Эки мамлекеттин башчылары Өзбекстандагы Казакстан жылынын ачылыш аземине катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар