09:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга жардам берүүгө даярдыгын билдирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан менен Өзбекстан соода жүгүртүгүнүн бир жылдык көлөмүн 500 миллион долларга жеткириши керектигин айтты. Бул тууралуу ал Ташкентте Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өзбек президентинин айтымында, акыркы жарым жылда эле соода алака 1,5 эсеге көбөйгөн.

«Биз колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонушубуз. Өзбекстандын банктары экспортко багытталган тармактарды 100 миллион долларга чейин каржылоого даяр. Бул биз чындыгында кызматташууга даяр экендибизди көрсөтөт. Чек арадагы райондордун мүмкүнчүлүктөрүн да колдонуу керек. Ош облусунда соода комплексин ачуу сунушталган» — деди Шавкат Мирзиеев.

Эң көп окулган жаңылыктар