Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен жаранды изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Натали» пансионатында эс алып жүргөн 1976-жылы туулган С.А.Ю. аттуу жаран (эркек) сууга чөгүп кеткен.
Эскерте кетсек, жыл башынан бери 50дөй жаран сууга чөгүп кетти.