14:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Зыяратчылардын алгачкы тобу түнү Меккеге жөнөтүлөт

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 25-июль саат 02.00дө Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын маалыматында, топ Бишкек-Медина каттамы менен учат. Аларды Кабылбек Акматов, Нурдин уулу Сүйүнбек, Кенжебек Кекебаев, Сулумбек Узеналиев, Акимбай уулу Равшанбек, Шамсидин Кадыров жетектейт.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби